Мамлекеттик гимндин 30 жылдыгы. Президенттин куттуктоосу

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик гимндин 30 жылдыгы менен куттуктады.

-Мамлекеттик гимндин 30 жылдыгын майрамдап, белгилөө менен эле тим болбостон, аны келечек муун көкүрөгүндө алып жүргөн ыйык тумардай бапестеп, мындай салтты мындан ары да урпактардын улантып кетишине өзгөчө көңүл буруу ‒ ыйык парызыбыз деп эсептейм.

Анткени мамлекеттик гимн улуттун улуу символу катары көөнөргүс руханий мурастарыбызды сактоого, элибиздин баалуу казынасын байытууга, жаш муундардын мамлекетке, дүйнөгө болгон көз карашын калыптандырууга, мекенчилдикке, атуулдук ар-намыска, жаратмандыкка тарбиялоого үндөп турат,-деп айтылат куттуктоодо.

Мамлекеттик гимн 1992-жылдын 18-декабрында кабыл алынган. Сөзүнүн авторлору — Жалил Садыков, Шабданбек Кулуев. Музыкасы – Насыр Давлесов менен Калый Молдобасановдуку.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты