Мамлекеттик билим берүү стандарты бекитилди
- 1 месяц мурун
Министрлер кабинети жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды.
Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымдалды.
Токтомдо тиркемеге ылайык бекитилген, мамлекеттик стандарт бирдиктүү билим берүү мейкиндигин социалдык кепилдөөнү жана сактоону ж.б. камсыз кылат.
Ал эми билим берүү процессин уюштурууда жалпы билим берүү уюмдары үчүн базистик окуу планы төмөнкү билим берүү деңгээлдери боюнча иштелип чыгат:
– башталгыч жалпы: 1‒6-класстар;
— негизги жалпы: 7‒9-класстар;
— орто жалпы: 10‒12-класстар.
Ошондой эле мектеп окуучуларынын билимин баалоо системасы да өзгөрдү.
1–3-класстарда баа коюлбаган система колдонулат. Жазуу жүзүндө же оозеки түрдө сапатты сыпаттоочу баалоого гана жол берилет.
4–6-класстарда академиялык жетишкендиктерге байкоо жүргүзүү, окууга даярдыгынын деңгээлин аныктоо үчүн баллдык система киргизилет.
7–12-класстарда класс ичиндеги баалоо критериалдык, билим берүүнүн натыйжаларына карата прогрессти аныктоого, окутуунун ички мотивациясына дем берүүгө, өзүн-өзү баалоо, өзүн-өзү талдоо жана өз ара баалоо көндүмдөрүн калыптандырууга багытталган.
12-классты аяктагандан кийин жыйынтыктоочу баалоо жүргүзүлөт, анын форматы жана мазмуну профилдештирүү багыттарын эске алат. Окутуунун жана бүтүрүү экзамендеринин жыйынтыктоочу баллдары кесиптик окуу жайларына тапшырууда профилдик предметтер боюнча суммалык балл түрүндө эсепке алынат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан