Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга ар дайым көңүл буруу керек

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-декабрда, ден соолук жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын  эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду.

“3-декабрь — дүйнө жүзү менен бирге Кыргыз Республикасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга коомдун толук кандуу мүчөлөрү катары сый-урмат көрсөтүү күнү катары белгиленип келет. Алардын өзгөчө муктаждыктарына жана көйгөйлөрүнө бүгүн эле эмес, ар дайым көңүл буруу максатында иш-аракеттер көрүлүүдө.

БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясын мамлекетибиз ратификациялагандан бери биз андай жарандарга инфратүзүмдүн жеткиликтүүлүгүн, мыйзам астында билимге, эмгекке жана иш менен камсыз болууга тең укуктуулугун жүзөгө ашыруу боюнча мидеттенмелерди өзүбүзгө алдык” деп айтылат кайрылууда.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты