Мал союучу жайларды иретке келтирүү керек. Мыйзам долбоору ЖК комитетинде жактырылды
- 1 год мурун
Жогорку Кеңештин (ЖК) агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 7-апрелдеги жыйынында «Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору үчүнчү окууда колдоо тапты.
Министрлер кабинети демилгелеген мыйзам долбоорун суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев тааныштырды. Анын максаты Кыргыз Республикасынын аймагында эпизоотиялык амандыкты, тамак-аш коопсуздугун жана айыл чарба жаатындагы мыйзамдардын талаптарын сактоону камсыз кылуу болуп саналат.
Талкуунун жүрүшүндө депутат Балбак Түлөбаев жер-жерлердеги мал союучу жайларды иретке келтирүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле туура эмес дары-дармек же вакцина алган малдын этин жеген адамдарда түрдүү оору пайда болгонун айтты.
Депутат Жаныбек Кыдыкбаев айылдарда малды эмдөө иш-чаралары жетиштүү деңгээлде жүргүзүлбөй жатканы тууралуу кайрылуулар келип жатканын маалымдады.
Акбөкөн Таштанбеков мал өлүктөрү көмүлгөн жайларга жоопкерчилик менен карап, тиешелүү ченемдерди бекем сактоого чакырды.
Сүрөт: kenesh.kg




