Махабат Тажибек кызынын иши райондук сотто кайра каралууда. Тажибек кызы онлайн катышууда
- 3 месяца мурун
Бүгүн, 23-мартта, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда журналист Махабат Тажибек кызынын иши жабык эшик артында каралууда. Махабат Тажибек кызы сотко онлайн катышууда.
Журналист сотко онлайн трансляция аркылуу кошулуп, акыркы жагдайлар жана «Temirov Live» долбоорунун эки жыл мурунку «Кыргызнефтегаз» ишканасы тууралуу иликтөөсү боюнча пикирин билдирди.
«БУУ — өзүнүн репутациясын коргогон уюм. Демек, биздин иликтөөлөр бардык эл аралык стандарттарга жооп берген. Бириккен улуттар уюмунун акыркы билдирүүлөрүнө ыраазычылык билдирем» деди Махабат Тажибек кызы.
2026-жылы 10-мартта Жогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын ишин жаңы жагдайларга байланыштуу кайра карап, буга чейинки чечимдери жокко чыгарып, ишти кайра кароого Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна жөнөттү.
Жогорку сот Махабат Тажибек кызын алты жылга эркинен ажыраткан Ленин райондук сотунун 2024-жылдын 10-октябрындагы чечимин, 2024-жылдын 18-декабрындагы аны күчүндө калтырган Бишкек шаардык сотунун чечимин жана эки инстанциянын чечимдерин күчүндө калтырган Жогорку соттун 2025-жылдын 25-февралындагы өкүмү жокко чыгарды.
Буга чейин журналисттин ишин караган Бириккен Улуттур Уюмунун (БУУ) жумушчу тобу 2025-жылдын 16-ноябрында Махабат Тажибек кызынын кармалышы мыйзамсыз жана ал бошотулууга тийиш экенин расмий билдирген.
Буга байланыштуу жактоочулар Жогорку сотко жаңы жагдайлар боюнча ишти кайрадан кароо керектиги боюнча кайрылган.
Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан райондук прокуратуранын доо арызы канааттандырылып, Temirov Live, Kloop. kg « Айт Айт Десе” медиа долбоорлорунун маалыматтык материалдары экстремисттик деп табылган.
2025-жылы 10-октябрда Ленин райондук соту «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызын 6 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.
Ички иштер министрлиги “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.
Махабат Тажибек кызы — өлкөдөн чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы. Учурда №2 түзөтүү абагында жазасын өтөөдө.
Сүрөт: Соттогу видеодон алынды




