29-октябрда: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
- 2 часа мурун
Кыргызгидромет кызматынын маалымат боюнча, 29-октябрда күндүз да айрым аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3°, күндүз +9…+14;
Талас облусунда түнкүсүн -3…+2°, күндүз +11…+13;
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +5…+10°, күндүз +16…+21;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4°, күндүз +9…+14;
Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7°, күндүз +10…+15°
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2°, күндүз +12…+14° болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




