Маевкадагы үйдөгү өрт кырсыгы 65 жаштагы кишинин өмүрүн алды
- 4 недели мурун
- Видео
Бүгүн, 15-январда, Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы Маевка айылына жетпей Белозерский көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыгып, анын кесепетинен 65 жаштагы Т.С. аттуу киши каза тапты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдиргендей, саат
14:26да Биринчи май райондук №8 районунан 1 күжүрмөн эсеп, андан соң саат 14:46да дагы бир, эки бөлүм өрт өчүрүү боюнча аракеттерин көрүштү.
Аянты 85 чарчы метрди түзгөн турак үй толугу менен күйгөн. Тилсиз жоо саат 16:25те толук өчүрүлүп, кырсыктын себептери такталууда.
Өрттүн кесепетинен 1960-жылы туулган Т.С. аттуу киши каза болду.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!