Мадумаров: Министрлер кабинетинде ЖК өкүлүнүн болушунун кажети жок

Бүгүн, 1-июнда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынан депутат Адахан Мадумаров Жогорку Кеңеш алты ай өтсө да өз регламентин кабыл ала албай жатканын жана парламенттин өкмөттөгү өкүлүн дайындоонун кажети жок экенин белгиледи.  

-Регламентти эмне себептен алып жатабыз? (күн тартибинен-ред.). Ушунун түшүндүрмөсү барбы?

Биз биринчи күндөн баштап регламент менен иштешибиз керек эле. Тилекке каршы алты айга созулуп кетти. Регламентти кабыл албаган парламент башка мыйзамдарды кабыл алууга кудуреттүү болобу? Өзүнүн регламентин өзү кабыл ала албаган бул эмне болгон парламент? -деди Адахан Мадумаров.

Буга парламент төрагасы Талант Мамытов мындайча жооп берди:

-Сунуштар түшүп жатат. Министрлер кабинети менен Жогорку Кеңештин ортосундагы байланыш жана тапшырмалардын аткарылышы боюнча маселелер чыгууда. Регламентте Жогорку Кеңештин өкмөттөгү өкүлү каралган. Ошол маселе каралууда. Өкүл депутаттарын ичинен бирөө болсунбу же аппараттын ичинен дайындалсынбы деген, -деп жооп берди төрага.

-Министрлер кабинетинде Жогорку Кеңештин өкүлүнүн кажети жок. Бул жерде отурган 90 депутат — бүт баарыбыз өкүлүбүз. Дагы бир структураны ойлоп табуунун, көпүрөнүн эмне кереги бар? Түз эле сүйлөшөбүз, арабыз 30 метр го? Өкүлдүн эмне кажети бар? Ушул сыяктуу маселелерди 2-3 киши чечпей эле, парламентке алып чыгалы. Ушул жерден, ар бири добуш менен чечилиш керек, -деди депутат Мадумаров.

Бүгүн, 1-июнда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны өтүп жатат.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты