Маданият министрлигинин мекемелеринин биринин кызматкери кармалды

  • 1 месяц мурун

Жасалма документтердин негизинде 1 800 миң сомдук курулуш иштери жүргүзүлгөндүгү тууралуу факты боюнча 18-январда ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, ИИМдин КИББ кызматкерлери тарабынан маданият министрлигине караштуу мекемелеринин биринин жетекчиси, 1992-жылы туулган Б.И.Б. кармалып, тергөө кызматына жеткирилип, жаза-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп  бөгөт коюу чарасы каралууда.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты