Маданият министрлиги Жыргалаң карьеринде мамонттун сөөгү табылганын жарыя кылды

  • 2 месяца мурун

2- июнда Ысык — Көл облусунун Ак- Суу районундагы Жыргалаң дарыясынын байыркы жайылмасынын кумдуу жерлеринде карьердик иштер учурунда мамонттун сөөгү табылды.

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштарсаясаты министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, табылганы  карьер ээси Р.К. Карыпбаев маалымдаган. 3-июнда министрликтин өтүнүчү менен археологдор А. Абдыканова жана А.Эмил уулу эки студент (Н. Султанов жана Б. Садылдаев) менен жөнөп кеткен.

Текшерүү учурунда карьердин 3-5 метр тереңдиктеги кум-шагыл кендеринен бири-биринен 140-150 метр аралыкта эки башка жерден тиштин жана астыңкы жаактын сыныктары табылганы белгилүү болду. Азуу табылган жерди тазалоодо көмүлгөн сөөктүн бир бөлүгү табылды.

«Ачыкка чыккан сөөктөр баштапкы абалында көпкө калбайт жана күндүн нурунун таасиринен тез талкаланат. Ошондуктан археологдор жогорудан ылдый карай тешик жасап, табылганы тазалап, ал мамонттун баш сөөгүнүн сакталып калган төмөнкү бөлүгү болуп чыкты. Сөөктөр начар абалда болгондуктан, археологдор баш сөөктүн бир бөлүгүн гана алып чыга алышты. Мурда табылган тиштин жана жаактын сыныктары тазаланып, алгач жеринде сакталды. Бардык табылгалар таңгакталып, ташууга даяр.Консервациялангандан кийин бардык табылгалар музейге өткөрүлөт» деп айтылат маалыматта.

Жыргалаң дарыясынын өрөөнү плейстоцен фаунасынын табылгалары менен белгилүү экени эске салынды.

Маданият министрлиги Жыргалаң карьеринде мамонттун сөөгү табылганын жарыя кылды
Маданият министрлиги Жыргалаң карьеринде мамонттун сөөгү табылганын жарыя кылды

Сүрөттөр: Маданият министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты