“28 жолу кызмат которгон”, “Бир күн да бул тармакта иштеген эмес”. Маданият министрин дайындоого ЖК макулдук берди

  • 9 месяцев мурун

Бүгүн, 26-февралда, Жогорку Кеңеште, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри кызматына Мирбек Мамбеталиевдин талапкерлигин дайындоого макулдук берди.

Мирбек Мамбеталиевдин талапкерлигин президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов президенттин сунушу боюнча маалымат берди.

Маданият министри катары дайындоого сунушталган Мирбек Мамбеталиевдин талапкерлиги тууралуу депутаттар тарабынан күңгөй-тескей пикирлер айтылды.

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу министрликтерде сөзсүз эле ошол тармактын адиси иштеши шарт эмес, ал тармак адиси болбосо да, менеджер болушу керек.

“Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө, ал тургай мен-мен деген алдыңкы мамлекеттерде маданият министрлиги жок. Мындан тышкары, билим берүү, саламаттык сактоо жана маданият министрликтерине сөзсүз түрдө ошол тармакка тиешелүү адистин министр болуп келиши керек эмес. Өнүккөн өлкөлөрдө билим берүү министрлигин, саламаттык сактоо министрлигин экономисттер, финансисттер башкарат. Маданият министрлигинде да ошондой болушу кажет. Жалаң маданияттын ичинен алып келгенде оңолбойт. Муну тармакты жетектеген мурдагы министр катары так айта алам”, – деди Төрага. 

Жаңы дайындалып жаткан жетекчи менеджер катары тармактагы саясатты жүргүзүп, уюштуруу иштери менен алектениши керектигин баса белгилеген Нурланбек Тургунбек уулу: “Министрликте адистер жана чыгармачылык топтор жетиштүү. Ошолор ишти кылат. Ал эми министрдин милдети ишти уюштуруу жана саясатты жүргүзүү” деди төрага.  

Депутат Надира Нарматова талапкердин өмүр баянына караганда, ал 28 жолу кызмат которгонун, бул тармакта бир да күн иштеген эмес экенин билдирди.

-Сиз 2003-жылдан 2025-жылга чейин 28 жолу кызмат алмаштарыптырсыз. Мамлекеттик кызматта 50 жыл иштеген адамдын да басып өткөн жолу мындай эмес. Таң калыштуу. Ушунчалык алмашкыс, талаш-тартышты жараткан, биринен бирине секирип өтүп турган кадр катары эсептеп жатам. Ошон үчүн басып өткөн жолуңузда чогулткан тажрыйбаңызды уюштуруучулук, менеджерлик сапаттарыңызды көрсөтүүгө өзүңүзгө жоопкерчилик алып келип жатасыз да, туурабы? Ошондуктан президентти уят кылбай, жер каратпастан, ошол кишинин чечимин жоопкерчилик менен кабыл алат го деген ниетте болуп турам. Бир күн да ал тармакта иштебегендигиңиз сиздин кемчилигиңиз” деди депутат Нарматова.    

Сүрөттө: Талапкер Мамбеталиев жана өкүл Алмасбек Абытов. kenesh.kg        

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты