Чүй облусунда дроппер кармалды

  • 2 недели мурун

Кара-Балта шаарындагы банктардын биринен жабырлануучу Б.А. 400 миң сом насыя алып, анын 393 миң сомун шылуундар көрсөткөн банк эсебине которгон. Кылмыш ишине шектүү Бишкек шаарынын тургуну, 2007-жылы туулган А.А. аттуу жаран аныкталды.

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын (ОИИББ) басма сөз кызматы билдирди.   

Маалыматта айтылгандай, 9-сентябрда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Новониколаевка айылынын тургуну, 1970-жылы туулган Б.А. аттуу жаран кайрылган. Арыз ээсинин айтымында, ошол эле күнү WhatsApp мессенжери аркылуу белгисиз адамдар байланышып, өздөрүн мамлекеттик органдардын жана банк кызматкерлери катары тааныштырган. Алар алдоо жолу менен аялдын ишенимине кирип, аны Кара-Балта шаарындагы банктардын биринен 400 миң сом насыя алууга көндүрүшкөн.

Насыя акчасын алгандан кийин жабырлануучу 393 миң сомду шылуундар көрсөткөн банк эсебине которгон.

Бул факт боюнча кылмыш-жаза кодексинин 209-1-беренеси (Электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык актив капчыгын жана SIM-карталарды үчүнчү жактарга атайылап берүү же сатуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында Бишкек шаарынын тургуну, 2007-жылы туулган А.А. аттуу жаран аныкталды. Тергөөнүн жүрүшүндө ал өзүнө тиешелүү банк картасын ыктыярдуу түрдө тапшырган. Белгилүү болгондой, мурда ал Visa банк картасын жана SIM-картаны ачып, аларды Telegram аркылуу белгисиз адамдарга 4500 сомго саткан. Кийин шылуундар аталган картаны пайдаланып, жабырлануучунун акчасын мыйзамсыз ээлеп алышкан.

Ошентип, А.А. өзүнүн интернет-банкингине жана мобилдик тиркемелерине толук мүмкүнчүлүктү башка адамдарга берип, кылмыш жасоого өбөлгө түзгөн.

Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, жаран А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Райондук соттун чечими менен ага камакка алуу түрүндөгү чарасы тандалган.

Тергөө иштери улантылууда.

Сүрөт: Чүй ОИИББ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты