Өмүрбек Текебаев элчиликке барышынын себеби тууралуу

  • 2 года мурун

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев элчилик кызматка барышынын себеби тууралуу “ПолитКлиника” медиасынын “Тет-а-Тет” берүүсүндө билдирди.   

-Биз көп кеңештик, бул маселе бир күндүк, бир айлык эмес, эки жарым жылдык, ар кандай президенттердин убагында, ар кандай сунуш болуп, биз ойлонуп жүргөнбүз. Кеңешип чечтик. Биринчиден, мен элчи болуп кетип, өз көз карашымды, позициямды өзгөрткөн жокмун. Мен тигил же бул саясий режимге эмес, Кыргызстанга кызмат кылып жатам.  Ошондуктан бул жерде менде эч кандай дискомфорт жок.

“Көбү сиз оппозиция эле болуп жүрбөйсүзбү, эмнеге кетип калдыңыз” дегендер дагы бар. Ушуну менен ишиңиз бүтөбү, ушу бойдон Текебаев жок болобу» деп айтышат. Башталышы болгон бардык нерсенин аягы да болот экен. Биздин профессионалдык ишмердүүлүгүбүз, элдин колдоосу, элдин сүйүүсү, биздин өмүрүбүз дагы бир күнү аяктайт. Бул сөзсүз боло турган нерсе. Ага биз филосоофиялык көз карашта болушубуз керек. Токтоолук, сабырдуулук менен мамиле кылыш керек. Аны татыктуу тосуп ала билиш керек.

Албетте, 63 жаш бул Европада гана эмес, Кыргызстанда деле картаң деп эсептелинбейт, өзгөчө саясатта. Бирок бул ишти мен партиялаштар менен кеңешип, ушул кезге чейин жыйнаган тажрыйбаны Кыргызстандын кызыкчылыгына пайдалансак болот деп чечтим, -деди Өмүрбек Текебаев.

Сүрөт: «ПолитКлиника». :

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты