Мүлктү легалдаштыруунун мөөнөтү жыл аягына чейин узартылды

  • 2 месяца мурун

Жогорку Кеңештин депутаттары экономика жана коммерция министрлигинин мүлктөрдү ыктыярдуу легалдаштыруу мөөнөтүн узартууну сунуштаган мыйзам долбоорун жактырышты.

Мындай чечимди парламенттин депутаттары 6-июндагы жыйынында кабыл алып, документти бир эле учурда 3 окууда жактырышты. Кабыл алынган өзгөртүүлөргө ылайык, активдерди легалдаштыруу мөөнөтү 2024-жылдын 31-декабрына чейин узартылат. Бул мөөнөт 2024-жылдын 9-июнунда аягына чыкмак.

Апрель айынын башындагы маалыматка ылайык, 2 139 адам декларация толтуруп, активдерин легалдаштырды. Анын ичинен 66 адамдын мүлкүнүн баасы 100 млн сомдон ашып, 1 млн сом өлчөмүндө бир жолку салык төлөдү.

Президент Садыр Жапаров буга чейин үлгү катары өзү да мүлкүн мыйзамдаштырганын айткан. Ал Бишкектин Киев жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги имараттын сүрөтүн жарыялап, бул жана башка имараттары мурда башкаларга жазылганын, эми мыйзам чегинде өзүнө каттатканын билдирген. Президент мүлкүнүн баасын 20 миллион доллардын тегереги деп баалаган.

Бир нече депутат бул мыйзам коррупциядан туйтунган аткаминерлердин мүлкүн адалдаштырууга жол ачат деп кескин сындап чыгышкан. Мындай сындарга Садыр Жапаров баш болгон бийлик өкүлдөрү жооп берип, көмүскө экономиканын көлөмүн азайтып, инвестиция тартууга шарт түзүү керек экенин айтышкан.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты