Садыр Жапаров бардык мүлктөрүн легалдаштырганын билдирди

  • 5 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров бардык мүлктөрүн легалдаштырганын билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

«Мен 2005-жылы Жогорку Кеңешке эл өкүлү болуп бизнес чөйрөсүнөн келгем. Бул сүрөттө турган имаратты (Бишкек ш., Ибраимов көчөсү, 96)

Садыр Жапаров бардык мүлктөрүн легалдаштырганын билдирди

2005-жылы жаңыдан куруп баштап, 2010-жылы бүткөнбүз. Апрель ыңкылабынан кийин «Ата-Журт» партиясынын штабы катары колдонгонбуз. Кийин биз оппозиция болгондугубузга байланыштуу куугунтукталып, 2020-жылга чейин бул имарат толук кандуу иштебей турду. Бирок, ошентсе да, жер жана имарат үчүн салыктарын өз убагында толук төлөп келдик.

2020-жылы президенттик штаб катары колдондум. Андан бери толук кандуу иштей баштады. Албетте, жогоруда айткандай, менин имараттарым да мурда башка бирөөлөргө катталган эле. Эми легалдаштыруу мыйзамынын негизинде өзүмө каттаттым. Мен өзүм башкаларга үлгү көрсөтөйүн деп биринчилерден болуп легалдаштырдым.

Кыскасын айтканда, бардык мүлктөрүмдүн баасы 20 миллион доллардын тегереги болот экен. Легалдаштыруу үчүн мамлекетке бир миллион сом төлөп бердим. Мыйзамдын талабы ушундай. Чет өлкөдө каткан акчаларым жок, болсо аларды да алып келип өзүбүздүн банктарга салып коймокмун», — деди Садыр Жапаров.

Президент Кыргызстандын бай жарандарына кайрылды.

«Ушул мыйзамды пайдаланып, өз мүлктөрүңөрдү өзүңөргө каттап, легалдаштыргыла жана чет өлкөлөрдөгү банктарда катып жаткан акча каражаттарыңардын баарын биздин банктарга которгула. Бул мыйзамдын негизинде мамлекет силердин капиталыңардын коопсуздугуна 100 пайыз толук кепилдик берет. Акча каражаттарыңар өз өлкөбүздүн кызыкчылыгы үчүн иштесин. Мамлекетке тийген пайдасы ошол. Башка максат жок. Сурак болбойт. Мындан ары ички инвесторлор менен чет өлкөдөн келген инвесторлор үчүн бейиштей шарттарды түзүп бергенге мамлекеттин бардык күчүн жумшайбыз», — деп жазды мамлекет башчы.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты