Лукашенко ЖККУну кыргыз-тажик чек ара чатагын чечүүгө көмөктөшүүгө чакырды

  • 10 месяцев мурун

Беларус президенти Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек ара чатагын жөнгө салуу боюнча аракеттерди активдештирүүнү сунуштады.

Лукашенко 20-июнда ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери менен жолугушууда: “Кыргызстан Тажикстан менен болгон жаңжалды жөнгө салууга көптөн бери жардам сурап келет. Негиздүү дооматтарды Армения көтөрүп жатат. Бул көйгөйлөрдү чечпесек, ЖККУ өлкөлөрү бири-бирин дайыма жемелей беришет. Биз ЖККУ өлкөлөрүнүн көйгөйлөрүнө сүңгүп киришибиз керек” деди.

Лукашенко Армения менен Азербайжандын ортосундагы жаңжалдан тышкары “Беларус менен Орусиянын да көйгөйлөрү көп экенин белгиледи.

2022-жылы 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжал болуп, эки тарап бири-бирин “агрессияга” айыптаган. Анда Кыргызстандын 63 жараны курман болгон, 206 киши ар кандай жараат алган. Бир катар социалдык объектилер, турак жайлар кыйрап, өрттөлгөн.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирсе, “Озоди” өз булактарына таянып, каза болгон делген 80ден ашык кишинин тизмесин жарыялаган. Каза болгондор арасында эки тараптан тең балдар бар.

Сүрөт: Reuters,

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты