Лукашенко: Украинанын чек арасына жакын жерде орус-беларус биргелешкен машыгуусу өтөт

  • 2 года мурун

Беларустун Польша жана Украина менен чектешкен батыш жана түштүк чек араларында Орусия менен Беларустун куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен машыгуулары өтөт. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү Александр Лукашенко билдирди.

Ал биргелешкен машыгууларды өткөрүү планын Киев украин-беларус чек арасына аскерлерин тартып жатканы менен түшүндүрүп, аны Орусиянын президенти Владимир Путин менен декабрда макулдашканын белгиледи. БелТА агенттиги Лукашенконун айткандарына таянып жазгандай, машыгуунун максаты Батыштын күчтөрүнө каршы турууга даярдыкты текшерүү болуп саналат.

Машыгуулардын так датасы айтылган жок. Ал «Союздук чечкиндүүлүк – 2022» деп аталат. Биргелешкен машыгуу өткөрүү Орусия Украинанын чек арасына аскерлерин тартып, ал бул өлкөгө бастырып кириши мүмкүн деген кептер күчөгөн маалда белгилүү болуп жатат.

АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия баштаган 30дай мамлекет мүчө болгон НАТОго Украинаны кошуу маселеси былтыр жайда каралган.

Көп өтпөй, 2021-жылдын күз айларында Батыштын бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары чалгын кызматтарына таянып, Украинанын чек арасына жакын жерге Орусиянын аскерлери топтолгонун жазышкан. АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү Москваны «чабуул жасаганга даярданып жатат» деп айыпташкан. Орусия АКШ менен НАТОдон коопсуздук кепилдигин талап кылып, Украина менен чек арага жакын жерде 100 миңдей аскери машыгуу үчүн топтолгонун айткан.

Бул маселеге байланыштуу өткөн аптада Орусия менен Батыш мамлекеттеринин өкүлдөрү Женевада, Брюсселде жана Венада жолугушууларды өткөргөн. Ага карабай Орусия Батыштан Украинаны НАТОго кабыл алуудан баш тартуусун талап кылган позициясынан кайткан эмес.

Батыш тарап муну «тапанчаны башка такап, шарт койгондой» кабыл алып, «Украина эгемен өлкө экенин, ал каалаган уюмга кирүүгө укугу бар экенин» билдирип келет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты