Лукашенко союздук мамлекетке Украина да кошулушу мүмкүн экенин айтты

  • 2 года мурун

Лукашенко Орусиянын «газын, мунайын жана рыногун» белгилеп, «көз карандысыздык» деген түшүнүк «салыштырмалуу» экенин билдирген.

Теле алып баруучунун союздук мамлекеттин келечегин 10-15-жылдан кийин кандай көрөсүз деген суроосуна Александр Лукашенко: «Беларус эми ал жакта экенин билесиңер. Казакстан үчүн болсо жакшы сабак болду деп ойлойм. Эгер 15 жылдан кийин кандай болот десеңер, эгер биз ката кетирбесек, Украина да ошол жакта болот деп ишенем» деп жооп берди.

Өткөн айда Лукашенко Казакстандагы январь окуяларын Беларус үчүн «дагы бир сабак» деп атаган.

Орусия менен Беларустун союздук мамлекети – мамлекеттик эмес түзүм. Аны түзүү жөнүндө келишимге Александр Лукашенко 1999-жылы 8-декбарда Орусиянын ошол кездеги президенти Борис Ельцин менен кол койгон. Документ бирдиктүү парламент, жалпы валюта, мыйзамдардын жана мамлекеттик символикалардын бир түрдүүлүгүн камтыйт.

Сүрөт: Reuters.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты