Лотереянын утушундагы төрт жеңүүчүнүн байгеси жокко чыгарылды

  • 1 год мурун

Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын 1-октябрында өткөрүлгөн «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын экинчи утушундагы төрт байге боюнча жыйынтыгын жокко чыгарды.

Эки iPhone 13, бир смартфон жана бир микротолкундуу мешти уткан лотереянын 4 катышуучусунун утуштары жокко чыгарылды.

Лотереянын ведомстволор аралык байкоочу комиссиясы ойнотулган байгелер боюнча берилген материалдарды кароонун жыйынтыгы боюнча ушундай чечимге келди.

Жеңүүчүлөрдүн катышуу шарттарынын сакталышын текшерүүнүн жүрүшүндө 4 байгенин ээлери – Шайырбек уулу Бектен, Жазира Майрамбекова, Алтынбек Караев, Анжелика Попова лотереянын талаптарын бузгандыгы аныкталды.

Алардын үчөө өздөрү иштеген/иштеп жаткан уюмдардын ККМ чектерин сканерден өткөрүшкөн. Башкача айтканда, керектөөчүлөргө/сатып алуучуларга кассалык чекти берүүнүн ордуна, аларды лотереяга катышуу үчүн сканерден өздөрү өткөрүшкөн.

Төртүнчү жеңүүчү кадрлар резервинен кызматка дайындалган аймактык салык органынын кызматкери болуп чыкты.

Натыйжада лотереянын аталган катышуучулары утуштарын алышпайт, калган жеңүүчүлөргө байгелер жакынкы күндөрү тапшырылат.

Лотереянын шартына ылайык, берилбеген байгелер 30-декабрда боло турган үчүнчү турдагы байге фондуна өтөт.

Салык кызматы жарандарды лотереяга катышууга жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырат.

1-октябрда Салык кызматынын “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын экинчи утушу өтүп, анда туш келди тандоо ыкмасы (рандом) менен 58 баалуу байгелердин, анын ичинде автоунаанын ээлери аныкталган.

Акыркы лотереянын үчүнчү оюну 30-декабрда болот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты