Салык кызматынын Ленин райондук башкармалыгынын кызматкери кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шектелүүдө
- 1 месяц мурун
Мамлекеттик Салык кызматынын Бишкек шаарынын Ленин райондук башкармалыгынын кызматкери кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шектелүүдө
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Ш.У.У. Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Ленин району боюнча башкармалыгынын акциздик товарлардын топторун көзөмөлдөө бөлүмүнүн ага инспектору болуп турганда, кызмат абалынан кыянат пайдаланып, жеке бухгалтердик компанияларга коммерциялык ишмердүүлүккө патент берүү боюнча консультациялык кызмат көрсөткөн.
Мындан тышкары, 2024-жылдан азыркы мезгилге чейин салык патенти боюнча чарба жүргүзүүчү субъекттен 600 миң сомдон ашык суммада каражат алып, бирок салык кызматкери иш жүзүндө салык төлөөчүлөрдүн бирдиктүү маалымат базасына кирбей калган жасалма патенттерди берип, каражатты өзүнө ыйгарып алган.
2025-жылдын 27-январында Ш.У.У. кармалып, Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Сүрөт: УКМК




