Лондондо миңдеген кишинин катышуусунда антисемитизмге каршы жүрүш өттү

  • 5 месяцев мурун

Жекшемби күнү Улуу Британиянын баш калаасы Лондон шаарында он миңдеген кишинин катышуусунда антисемитизмге каршы жүрүш өттү.

Бул жүрүш Европа өлкөлөрүндө, анын ичинде Лондон шаарында уланып жаткан көптөгөн палестиналыктарды колдоо акцияларынын фонунда өттү. Ишемби күнү Лондондо 45 миңге жакын киши Израилдин Газадагы аскердик операциясына каршы демонстрацияга чыкканы кабарланган.

26-ноябрдагы антисемитизмге каршы жүрүшкө чыккан лондондуктар ХАМАС куралдуу тобунун жоочуларынын барымтасындагы израилдиктердин сүрөттөрүн жана жөөттөрдү колдоо сөздөрү жазылган плакаттарды көтөрүп алышкан.

Reuters агенттиги белгилегендей, Лондон полициясына октябрь айында эле антисемитизмге байланышкан 554 кылмыш тууралуу кабар келип түшкөн. Өткөн жылы бул айда полицияга мындай кылмыштар жөнүндө 40тан ашык гана кайрылуу түшкөн.

Расмий статистикага ылайык, ошол эле маалда Лондондо быйыл исламофобияга байланышкан кылмыштардын саны да дээрлик үч эсеге көбөйгөн.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты