Кыргызстанда Үркүндү эскерүү жүрүшү өтөт
- 6 месяцев мурун
Кыргызстанда 6-августта Үркүндү эскерүү жөө жүрүшү өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары — “Эсимде” аянтчасы жана “Тосор” коому билдирди.
Жүрүш Ысык-Көл облусунун Тосор айылынан башталат жана 4,5 күнгө созулат. Мында болжол менен 3800-4000 метр бийиктикке көтөрүлүү каралган. Жөө жүрүштүн багытынын жалпы узундугу 60 чакырымды түзөт.
Уюштуруучулардын айтуусуна караганда, жөө жүрүштүн негизги максаты — Үркүндүн курмандыктарын эскерүү, ал учурдагы окуяларды эс тутумга салуу, келечектеги демилгелерге түрткү берүү.
1991-жылы “Өмүр көчү” аттуу Үркүндү эскерүү жүрүш өткөн. 1916-жылдагы Үркүндүн 75 жылдыгына арналган Бишкектен Караколго чейинки жөө жүрүш бейөкмөт “Ашар” козголушу тарабынан уюштурулган. “Тосор” коому жана “Эсимде” аянтчасы ошол демилгенин жана 2006-жылдагы сөөк жашыруу, 2016-жылдагы авто жүрүштөрдөн жолун улай быйыл да Үркүндү эскерүү жүрүшүнө аттанат.
Үркүн — 1916-жылы кыргыз эли падышалык Россиянын жергиликтүү калкты аскерге алуу жарлыгына каршы турган кайгылуу окуялар. Жазалоо аскеринен качып, кыргыздар ашуу ашып, Кытайга качкан, жолдо элдер массалык түрдө кырылган.
2008-жылы Жогорку Кеңеш август айынын биринчи жума күнүн Үркүндү эскерүү күнү катары жарыялаган.
Катышуу салымы 2000 сом, студенттер жана пенсионерлер үчүн — 1500 сом.
Жүрүшкө каттоо 1-августка чейин. 0777 13 33 83.




