Би-Би-Си Кыргыз кызматына – 30 жыл

  • 2 недели мурун

Дүйнөлүк маалымат айдыңында өз орду бар Би-Би-Си Кыргыз кызматына 30 жыл толду. Ушуга байланыштуу кечээ, 26-майда, Бишкекте Би-Би-Си Кыргыз кызматы бул датаны чакан чөйрөдө белгиледи.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, басма сөз өкүлдөрү, укук коргоочулар, жарандык активисттер катышты.

Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын башкы редактору Кубат Касымбеков жыйынды алып барып, кыскача таржымалды баян этти.   

Медианын 30 жылдык эмгек жолун жамаат чакан видео тасмага сыйдырып, өткөн чыйыр көз алдыга элестүү тартылды.

Кайсы гана медиа болбосун, ал окурмандары менен көркүнө келет эмеспи. Бул жаатта жаңыланган жамаат жаңы күч, жаңы дем менен башаттык баалуулуктарды улап, жаңысын жарыкка алып келип, окурман журтунун кызматында билек түрүп киришкен.        

Би-Би-Синин Европа жана Борбор Азия боюнча директору Ричард Колборн кыскача сөзүндө Би-Би-Си Кыргыз кызматы дүйнө жаңылыктарын кыргыз тилинде бул жакка алып келип, мындагы жаңылыктарды дүйнөгө таратууда жергиликтүү медиа менен тилектеш, кайгы-кубанычка ортоктош экенин айтып өттү.

Чакан кече эркин форматта, креативдүү, басма сөздүн абалын, сөз эркиндигинин башаттык баалуулугун белгилеген, болочокко ой таштаган баарлашуу болду.  

«ПолитКлиника» медиасы Би-Би-Си Кыргыз кызматын 30 жылдыгы менен куттуктайт. Би-Би-Синин 100 жылдык тарыхы бар таржымалын Кыргыз кызматы татыктуу улай берсин!          

Сүрөт: Бишкектеги чакан кечеден. 26,05. 2026

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты