Лондон: Кариб карнавалында 11 киши жараланды
- 3 недели мурун
Лондондогу Кариб карнавалында сегиз киши бычакталып, экөө жараланып, дагы бирине кислота чачылган. Бул полиция фестивалдын эки күндүк жыйынтыгына таянуу менен билдирди.
Үч жабырлануучунун абалы оор, алардын арасында карнавалга кичинекей баласы менен келген 32 жаштагы аял да бар. Кол салууга шектүүлөр кармалганы тууралуу маалымат жок.
Ошондой эле 53 полиция кызматкери ар кандай жаракат алган. Майрамда жалпысынан 330дан ашык адам кармалган. Аларга негизинен маңзат жана курал-жарактарды сактоо, полиция жана тез жардам кызматкерлерине кол салуу, сексуалдык мүнөздөгү зомбулук жана мушташ боюнча айыптар тагылган.
«Жыл сайын бир эле сөздү кайталоодон тажадык. Биз үй-бүлөлөргө алардын жакындары оор жаракат алганын же андан да жаман болгонун айтуудан тажадык. Карнавалда кылмыштуулукту көргөндөн тажадык» деп айтылат полициянын билдирүүсүндө.
Расалык кагылыштарды токтотуу үчүн түзүлгөн Афро-Кариб карнавалы 1966-жылдан бери Лондондун Ноттинг Хилл шаарында өткөрүлүп келет. Бул жыл сайын болжол менен эки миллион адамды өзүнө тартат жана дүйнөдөгү эң чоң көчө фестивалдарынын бири болуп эсептелет. Быйыл карнавал 25-августтан 26-августка чейин өттү.
Сүрөт: Reuters