Өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошкондорго сыйлык тапшырылды

Бүгүн, 10-февралда, Президент Садыр Жапаров өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон, ошондой эле кесиптик ишмердүүлүгүндө жогорку жетишкендиктерге жетишкен жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.


Сыйлыктар маданият ишмерлерине, мугалимдерге, экономисттерге, курулушчуларга, саламаттыкты сактоо системасынын, мамлекеттик кызматтын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, байланыштын, дене тарбия жана спорттун, айыл чарба тармагынын кызматкерлерине, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө, массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлерине жана башка көптөгөн адамдарга ыйгарылды.


Президент Садыр Жапаров биримдикти жана ынтымакты сактап, жапа тырмак иш кылсак, бабалар мурастаган мамлекеттүүлүгүбүздү, жерибизди, нускалуу элибизди өнүктүрүп-өстүрүп кетүү мүмкүнчүлүгүн туура пайдалана аларыбызды белгиледи.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты