Өлкөдө пандемияга байланыштуу өзгөчө кырдаал режими жоюла элек

  • 2 года мурун

Коронавирус инфекциясынын пандемиясына байланыштуу өкмөттүн 2020-жылдын 22-мартындагы чечими менен Кыргыз Республикасынын аймагында киргизилген өзгөчө кырдаал режими күчүндө.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы 22-февралда билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар режиминин алынып салынгандыгы тууралуу маалымат чындыкка жатпайт,-деп билдирди Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Бирок, 2020-жылдын 22-мартындагы чечими менен өлкөгө өзгөчө кырдаал чечими бир айлык мөөнөткө киргизилгендиги мурда кабарланган.

Өзгөчө кырдаалдар “Жарандык коргонуу жөнүндөгү” КРнын мыйзамы менен жөнгө салынат.

Өзгөчө кырдаал — Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймагында адамдардын курман болуусу, адамдардын ден соолугуна же айлана-чөйрөгө зыян келүүсү, олуттуу материалдык чыгымдарга жана адамдардын жашоо шартынын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон же алып келген коркунучтуу жаратылыштык же техногендик кубулуштун, авариянын, катастрофанын, табигый же башка кырсыктын, заманбап кыйраткыч каражаттардын тийгизген таасирлеринин натыйжасында болуучу кырдаал.

«Өзгөчө кырдаалда атайын эпидемиялык иш-чаралар жүргүзүлөт. Бирок элдин жүрүм-туруму, кыймылына чектөөлөр өзгөчө абалга караганда жеңил болот. Экономикалык иш-чаралар, башка маселелер күнүмдүк турмушта жүргүзүлө берет. Ал эми зарылдыгы жок кайсы бир жакка чыгууга же болбосо эл көп чогулган жерге барууга тыюу салынат” деген ал кездеги премьер-министр Кубатбек Боронов.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты