Өлкөдө 11 миңден ашык кооптуу тилке аныкталды
- 4 месяца мурун
Бүгүнкү күндө республика аймагында 11 миң 388 кооптуу тилке аныкталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Кооптуу табигый процесстерге 2025-жылы 1932 изилдөө иштери жүргүзүлдү. Жергиликтүү бийлик органдарына 405 эскертме берилип, 1236 корутунду чыгарылган.
Ал эми 2026-жылга карата кооптуу табигый процесстердин активдешүүсү багытында сел, суу ташкын жана жер көчкү коркунучтары кайсы аймактарда жогору экенин көрсөткөн карталар түзүлдү.
Аталган шарттарды эске алуу менен, облустук башкармалыктарга кооптуу табигый процесстердин мүмкүн болгон активдешүүсүнө алдын ала даярдык көрүү, анын ичинде тобокелдиктерди баалоо, калкка эрте кабар берүү механизмдерин күчөтүү, коркунучтуу участоктордо профилактикалык жана инженердик чараларды көрүү тапшырмасы коюлду.
Сүрөт: ӨКМ




