«Мен ал жигиттен айырмаланып солярка ташып чоңойгон эмесмин». Мадумаров президент Жапаровго жооп кайтарды

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров 17-январда Башкы прокуратурадан сурактан чыккан соң журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, президент Садыр Жапаровдун ал тууралуу айткандарына комментарий берди.

«Мен Садыр Жапаров башкы прокурор, сот болуп калганын ушул күнгө чейин билбептирмин. Ал бир эле убакта тергөөчү да болуп, бардык кишилерге аныктама да коюп атыптыр. Муну маданиятсыздык, өтө чоң сабатсыздык деп эсептеш керек. Өлкө башчысымын деген киши бир аз китепти карап, окуп койсо болмок. Кылмышкер деп жалгыз гана сот чечим чыгарат. Өздөрү ошондой жол менен чоңоюп, өскөндөн кийин “элдин баары мендей болсо керек” деп ойлоп жатышса керек. Мен ал жигиттен айырмаланып солярка ташып чоңойгон эмесмин. Мен банктарды басып алып жүрүп чоңойгон эмесмин. Мен атамдын, улуу кишилердин тарбиясын алып китеп окуп чоңойгом”, — деди Мадумаров.

Адахан Мадумаров 17-январда Башкы прокурага экинчи жолу сурак берип чыкты. Саясатчы 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу күбө катары буга чейин дагы сурак берген эле.

“Вечерний Бишкек” басылмасы 17-январда президент Садыр Жапаровдун маегин жарыялады. Анда өлкө башчы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча Мадумаров кол койгон протоколду “чыккынчылык” деп атап, ким кылмыш кылган болсо жооп бериши керектигин айткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты