Өлкө башчы Швейцариянын тышкы иштер министрин кабыл алды
- 7 месяцев мурун
Бүгүн, 3-июлда, президент Садыр Жапаров өлкөгө расмий сапар менен келген Швейцариянын тышкы федералдык департаментинин башчысы Иньяцио Кассисти кабыл алды.
Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Жолугушууда эки тарап саясий, соода-экономикалык чөйрөлөрүндөгү аракеттер, региондор аралык кызматташтык, Швейцариянын Кыргызстандагы долбоорлорун өнүктүрүү, туризмди жана тоолуу аймактарды өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмү 1 миллиард доллардан ашканын белгиледи.
“Президент Садыр Жапаров ошондой эле банк жана туризм тармактарындагы кызматташтыкты бекемдөөнү, тоо күн тартибин алдыга жылдырууну сунуштады”деп айтылат билдирүүдө.
Сүрөт: president.kg