Өлкө аймагында жер силкинди
- 3 месяца мурун
Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, бүгүн, 5-июнда, саат 11:27де Кыргыз Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык, очогунда күчү 3 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган (энергетикалык класс К=8,0).
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Жер титирөө Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Баштапкы маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Муну бөлүшүү