Литвага барууга кыска мөөнөттүү визага документ кабыл алынат

  • 8 месяцев мурун

Литва Республикасынын Алматы шаарындагы бБашкы консулдугунун маалыматына ылайык, 2023-жылдын 4-сентябрынан тартып Литвага барууга ниеттенген Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн «С» категориясындагы кыска мөөнөттүү визаларга документтер кабыл алынат.

Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.  

Документтер төмөндөгү дарек боюнча кабыл алынат:

Бишкек шаары, Ибраимов көч., 115/1, «Asil Tash» (Асыл Таш) бизнес борбору, VFS Global Visa виза борбору.

Литва тараптын маалыматы боюнча, документтерди карап чыгуу жана чечим кабыл алуу процесси 3-4 жумага созулат. Документтерди тапшыруу жана кароо шарттары жөнүндө толук маалыматты виза борборунун сайтынан тапса болот:

Сүрөт: Литва. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты