Лифт чыгаруучу ишкана ачылды

  • 2 года мурун

Чүй облусунун Ленинское айылындагы лифт жабдууларын жана жүк көтөрүүчү механизмдерди өндүрүү боюнча алгачкы ата мекендик ишкана ачылды.

Анын ачылышына Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.   

Министрлер кабинетинин башчысы өлкөдө жаңы өнөр жай ишканалары, анын катарында лифт өндүрүүчү ишканалар пайда болуп жатканын угуп, кубангандыгын билдирди.

«Бул жакшы жаңылык, анткени ар кандай өндүрүштүн ачылышы мультипликативдик натыйжа берет. Мунун өзү – жаңы жумуш орундары жана республикалык бюджетке чегерүүлөр, жалпы эле аймактын өнүгүүсү. Биз өнөр жай тармагын өнүктүрүшүбүз керек жана өндүрүлгөн продукция чет элдик аналогдордон дээрлик кем калбаган ата мекендик өндүрүштү колдошубуз керек» деди Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде компаниянын негиздөөчүсү Рахат Жунушбаева компаниянын амбициялуу пландары, анын ичинде Борбор Азия жана Евразия экономикалык биримдигинин рынокторуна чыгуу пландары бар экенин белгиледи.

Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу 500 даана техниканы түзөт. Ал Бишкек шаарындагы лифттерди мамлекеттик-жеке өнөктөштүк форматында жогорку технологиялуу лифттерге алмаштырууга бардык мүмкүнчүлүк бар экендигин белгиледи.

Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты