Ли Бо жана Чыңгыз Айтматов. Садыр Жапаров адабияттын ролун белгиледи

  • 11 месяцев мурун

Президент Жапаров Кытайга биринчи мамлекеттик сапарынын алдында Кытайдын эң ири расмий гезити «Жэньминь жибаого» интервью берди. Интервьюда Садыр Жапаров башка элдин маданиятын түшүнүүдө адабият менен поэзия чоң роль ойноорун белгиледи.

Тан доорундагы улуу кытай акыны Ли Бо Кыргызстанда, азыркы Токмок шаарына жакын жайгашкан байыркы Суяб шаарында туулган. Анын ырлары кыргыз тилине которулуп, кытай класстарында окуу куралы катары колдонулуп келет. Ли Бонун чыгармачылыгы бизге кытай элинин жан дүйнөсүн тереңден таанып-билүүгө, анын көп кырдуулугун жана кеңдигин баалоого, өзгөчөлүгүн сезүүгө мүмкүндүк берет.

Садыр Жапаров кытай окурмандарынын кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына болгон кызыгуусун терең канааттануу менен белгилеледи. Кытай эли азыркы замандын көрүнүктүү жазуучусунун чыгармалары аркылуу Кыргызстан жөнүндө көбүрөөк билет деп ишенет.

Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбук баракчасында билдирди.

Президент Садыр Жапаров 17-майда мамлекеттик сапар менен Кытай Эл Республикасына жөнөп кетти. Мамлекет башчы сапардын алкагында «Кытай-Борбор Азия» саммитине катышат .Ошондой эле Президенттин Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Цян, Кытай Элдик саясий консультациялык кеңешинин Бүткүл Кытай комитетинин төрагасы Ван Хунин жана КЭРдин башка расмий өкүлдөрү жана бизнес чөйрөсү менен жолугушуулары пландалууда.

Сүрөт: Кытайда Садыр Жапаровду тосуп алуу учуру. Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты