Лейлек районунда «Ак-Сарай» чек ара заставасы ачылды

  • 11 месяцев мурун

Кечээ, 28-майда, Баткен облусунун Лейлек районунда «Ак-Сарай» чек ара заставасы ачылды. Анын ачылышына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев да катышты.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, жаңы курулган заставада чек арачылар үчүн зарыл болгон бардык заманбап шарттар түзүлгөн. Аскер кызматкерлерине жатакана, спорттук аянтча, балдар үчүн ойноо аянтчасы, мончо, унаа токтоочу жай жана башка күнүмдүк жашоо шарты үчүн жана эң негизгиси мамлекеттик чек араны татыктуу коргоо үчүн зарыл болгон бардык шарттар толугу менен камсыздалган.

Камчыбек Ташиев чек арачыларды майрам менен куттуктап, аскер кызматкерлери үчүн, мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу багытында жасалып жаткан негизги жумуштар тууралуу учкай айтып өттү. Аталган заставанын курулуш 2011-жылы башталып, бирок бүтпөй келген.

Өткөн жылы курулуш иштери жанданып, кыска аралыкта чек арачыларга пайдаланууга берилди.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты