“Өлбөс полк” жүрүшү өткөрүлөбү?

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров “Өлбөс полк” жүрүшүнө тыюу салууга эч кимдин акысы жок экенин Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.   

-Улуу Ата мекендик согушка СССРдин курамына кирген 15 өлкө тең катышкан. Анын ичинде Кыргызстан да бар. Ал согушка биздин 365 миңден ашуун ата-бабаларыбыз аттанган. Анын болжол менен 100 миңден ашыгы кайра кайткан эмес.

Алардын миллиондогон небере-чөбөрөлөрү бар. Алар жылда 9-Май — Жеңиш күнүн майрамдашат. «Өлбөс полк» аттуу жөө жүрүшкө да чыгып келе жатышат.

Ошондуктан алардын мындай жөө жүрүшүнө тыюу салууга эч кимдин акысы жок. Ал эми мен болсо, жылдагыдай эле Өчпөс отко гүл коюп, согуш ардагерлери менен жолугуп, баатыр бабаларыбызды эскерүү иш-чарасына катышам, -деп билдирди Садыр Жапаров.  

Кийинки убакта ар жылы Бишкекте жана башка шаарларда 9-майда “Өлбөс полк” жүрүшү өтүп келет.   Анда Улуу Ата мекендик согушка катышкан ата-бабаларына таазим этип, урпактары алардын эрдигин даңазалап, жөө жүрүшкө чыгып келишет.

Архивдик сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты