Лазат Нуркожоеванын мурдагы жигитинин камактагы мөөнөтү узартылды
- 6 месяцев мурун
Президенттин карындашы Лазат Нуркожоеванын мурдагы жигити Афтандил Сабырбеков менен анын агасынын камактагы мөөнөтү 3-октябрга чейин узарды. Бул тууралуу «24.kg» агенттиги Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна шилтеме берип жазып чыкты.
Афтандил Сабырбеков менен анын агасына Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Эскерте кетсек, жергиликтүү маалымат каражаттары 5- июлда Лазат Нуркожоеванын мурдагы жигити Афтандил Сабырбеков баңгизат даярдоого шектелип күч органдары тарабынан кармалгандыгы тууралуу жазышкан эле. Андан кийин Президенттин маалымат кызматы бул маалыматты тастыктаган.
Сүрөт: Интернет булактары.