Бишкекте баңги зат таратууга шектүү кармалды

  • 3 недели мурун

Бишкекте баңги зат таратууга шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек щаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын Түлөбердиев жана Васильев көчөлөрүнүн кесилишинде бир жигит «жашыруун коюу» ыкмасы аркылуу баңги зат таратып жүргөндүгү тууралуу маалымат 12-апрелде түшкөн.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282 (Баңгизат каражаттарын, прсхотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Издөө иштеринин жүрүшүндө көрсөтүлгөн даректен 2007-жылы туулган Н.К. аттуу жаран кармалган. Тинтүү учурунда андан жашыл жана көк түстөгү пленкага оролгон баңги зат табылган. Кармалган жаран өзүнүн айтымында, бул заттарды «жашыруун коюу» жолу менен таратып жүргөн.

Шектүү Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы (ИИББ) убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Сүрөт: Бишкек ИИББ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты