Лавров Ульяновскидеги кырсыкка байланыштуу кат жолдоду

  • 2 года мурун

Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавров Ульяновск облусунда кыргызстандыктардын өмүрү кыйылган кайгылуу окуяга байланыштуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин атына көңүл айтуу катын жолдоду.

Бул тууралуу маалымат Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин расмий сайтына жарыяланды. Катта министр жол кырсыгында жакындарын жоготкондорго терең кайгыруу менен көңүл айткан.

«Жакындарын жоготуп, кайгыга батып отурган жарандарга биздин колдоо сөзүбүздү жеткирип коюшуңузду өтүнөбүз» деп жазылган катта.

Орусиянын Ульяновск облусунда 21-августта ири жол кырсыгында 16 адам, анын ичинде 14 кыргыз жараны мерт болуп, дагы үчөө жараат алган. Каза болгондордун бешөө Баткен, бешөө Жалал-Абад, төртөө Ош облусунун тургундары.

Бир катар өлкөлөрдүн лидерлери президент Садыр Жапаровго Орусиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыгынын кесепетинен кыргызстандыктардын каза болгондугуна байланыштуу 23-августта көңүл айтышкан.

Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы кабарлагандай, көңүл айтуу катын Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Беларустун башчылары Касым-Жомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев, Эмомали Рахмон, Сердар Бердымухамедов менен Александр Лукашенко жана башкалар жөнөткөн. Алар Жапаровго жана кыргыз элине, каза болгондордун туугандарына терең кайгыруу менен көнүл айткан. Ошондой эле жараат алып, ооруканада жаткандардын тез сакайып кетишин каалашкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты