Кызыл-Туу – уз-чеберлер шаарчасы. Эл аралык кароо-сынак өткөрүлөт     

  • 10 месяцев мурун
Кызыл-Туу – уз-чеберлер шаарчасы. Эл аралык кароо-сынак өткөрүлөт     

15-16-июль күндөрү Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кызыл -Туу айылында “Кызыл-Туу – уз-чеберлер шаарчасы” аталышындагы эл аралык кароо-сынак фестивалы өтөт.

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.   

Иш — чаранын алкагында концерттик программа жана төкмө акындар арасында “Айтыш” сынагы орун алат.

Фестиваль кароо-сынак 7 багыт боюнча өткөрүлөт:

— “Кан боз үй”;

— “6 канат боз үй”;

— “Тарыхый жасалгалуу боз үй”;

— “Шамдагай – жигиттер арасында боз үйдү тез тигүү”;

— “Шамдагай – кыз келиндер арасында боз үйдү тез чечүү”;

— “Тал аарчуу”;

— “Чий согуу” багыттары.

Сынактардын бекитилген жобосуна ылайык, ага түрк тилдүү элдердердин өкүлдөрү, өлкө аймагындагы облус жана шаарлардын кол өнөрчүлөрү, көркөм өнөр буюмдарын өндүрүү менен алектенген жеке ишкерлер, чыгармачыл индустриянын өкүлдөрү, чакан ишканалар, кооперативдер ж.б. каалоочулар катыша алышат. Катышуучулар 14-июль кечки саат 18:00гө чейин бул шилтемеге кирип, https://forms.gle/aKPFZzi4o3ivbR4J7 катталуусу шарт.

Өтүү убактысы: 15-16-июль, саат: 10:00.

Дареги: Ысык-Көл облусу, Тоң району, Кызыл-Туу айылы

Байланыш үчүн: е-mail: [email protected]

Тел.: +996 700 411 011, +996 700 394 041

Министрлик жарыялаган сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты