Кызыл-Кыяда мектеп бүтүрүүчүлөр тактасынын жанынан “Ислам мамлекети” террордук уюмунун желеги табылды

Кызыл-Кыя шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы орто мектептин аянтынан бүтүрүүчүлөрдүн урматына арналган тактанын жанынан тыюу салынган “Ислам мамлекети” эл аралык террордук уюмунун желеги табылган.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин ( УКМК) басма сөз кызматы маалымдады.

Тосмонун дубалдарына: “Сени кыйратканды жок кыл”, “Сенин камераң сага жардам бербейт”, “Аллах ыраазычылыгы үчүн музыка койбо!” деген жазуулар калтырылган.

УКМК менен Баткен облусунун ички иштер башкармалыгы бирге жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган мектептин бүтүрүүчүлөрү А.М.У., И.З.З. жана М.М.Г. аныкталган.

2-июнда соттун уруксаты менен аталган адамдардын жашаган жерлеринде издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын натыйжасында тыюу салынган мыйзамсыз диний агымдарга жана “ИМ” ЭТУга тиешелүү болушу мүмкүн болгон ири көлөмдөгү адабияттар жана видеоматериалдар табылып экспертизага жиберилди.

Белгилей кетсек, кармалгандардын биринин уюлдук телефонунан 2023- жылдын 25-майында орто мектептин аймагына илинген “Ислам мамлекетинин”  кара желеги даярдалып жатканы тууралуу видео табылган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты