Кызыл-Кыя шаардык маданият бөлүм башчысы болуп Асылбек Тажибаев дайындалды

  • 1 месяц мурун

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин сунушунун негизинде Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы болуп Асылбек Тажибаев дайындалды.

Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Асылбек Тажибаев 1978-жылдын 6-мартында Кадамжай районуна караштуу Көтөрмө айыл өкмөтүнүн Кызыл-Булак айылында туулган.

2002-жылы Ош мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктап, “кыргыз тили жана адабияты мугалими” адистигине ээ болгон. Эмгек жолун билим берүү тармагында мугалим болуп баштап, андан соң журналистика жана маданият тармактарында эмгектенген.

Кадамжай райондук “Эл жарчысы” гезитинде кабарчы, редактордун орун басары, редактор кызматтарын аркалап, 2014-жылдан тартып Кадамжай райондук маданият бөлүмүндө бөлүм башчы болуп иштеп келген.

Сүрөт: Маданият министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты