Кызганычтан улам аялын уурдап, бетин кескилөөгө шектүү кармалды
- 1 месяц мурун
13-майда укук коргоо органдарынын кызматкерлери аялын кызганычтан улам аялын жашырып алып кеткен 41 жаштагы Т. А. аттуу жаранды кармады.
Бул тууралуу Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) басма сөз кызматы билдирди.
12-майда саат 15:40тар чамасында жаран Жумабек көчөсүндөгү жубайы иштеген бильярд жайына кирип, аны алып кеткендиги белгилүү болгон. Арыз ээсинин айтымында, ал кызганычтан улам аялын белгисиз жерде кармап турган. Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин “Адам уурдоо” беренеси менен иш козголду.
Ленин РИИБнин өздүк курамы жубайларды издөөгө алып, натыйжада алардын жүргөн жерин аныкташкан. Аялдын бети жана чачы кескиленген абалда табылган. Кармалган адам Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды. Тергөө иштери уланууда.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан