Кызды күчтөп унаага салып кетүүгө аракет кылган жаран кармалды  

4-июнда Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына  Г.Б. арыз менен кайрылган. Арызда ошол күнү 17:40 чамасында Бишкек шаарынын «Жал» кичи районундагы Тыналиев көчөсүндө Ж.У. арыздануучуну күч менен «Honda Fit» унаасына салып, алып кетүүгө аракет кылганы айтылган. Жабырлануучу унаа жүрүп бара жатканда, секирип түшүп кеткен, бирок ага карабай аны кайра унаага салып кетүүгө аракет кылган. Жолдон өтүп бараткан адамдардын кийлигишүүсү менен араң качып кутулган.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Мындан тышкары, шектүү жаран жабырлануусунун денесине залал келтиргени да белгиленди.

Бул окуя боюнча тартылган видео социалдык тармактарга тарап, коомчулукта кеңири резонанс жаратты.

5-июнда бул факт боюнча кылмыш-жаза кодексинин 37-165-беренеси (Адамды уурдоого аракеттенүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын негизинде 1990-жылы туулган шектүү Ж.У. кармалып, кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кылмыш иш боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө

Сүрөт: Ленин райондуук РИИБ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты