Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Кыргызстанга келет
- 3 месяца мурун
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен 19–20-ноябрь күндөрү Кытайдын тышкы иштер министри, КЭР Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү Ван И Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келет.
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди
Маалыматта айтылгандай, сапардын жүрүшүндө өлкө жетекчилиги менен жолугушуулар, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри менен сүйлөшүүлөр, ошондой эле эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги стратегиялык диалогдун биринчи жыйынынын өткөрүлүшү жана эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулоо пландаштырылууда.
Сапардын жыйынтыгында эки өлкө ортосундагы кызматташууну чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюлуусу күтүлүүдө.
Сүрөт: AP/ТАСС




