Кытайдын Сиань шаарында Кыргызстандын соода үйү ачылат
- 2 weeks мурун
Кытайдын Сиань шаарында Кыргызстандын соода үйү жакын арада ачыла турганын КР экономика жана коммерция министрлиги кабарлады.
Маалыматта Сиань шаарындагы Соода үйүнүн ачылышы кыргыз продукциясын Кытайда онлайн жана оффлайн режиминде сатуунун биринчи кадамы болот. Бул Соода үйү кытайлык керектөөчүлөр үчүн кыргыз өндүрүүчүлөрү менен түз байланыш түзүү үчүн аянтча болуп кызмат кылат, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы электрондук сооданын өнүгүшүнө түрткү болору белгиленди.
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы соода өкүлү Жусубали Төрөмаматов Сиань шаарынын Цин Нианлу кварталынын жетекчилиги – Ху Цян менен 16-сентябрда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Жолугушууда соода өкүлү Соода үйү кытайлык керектөөчүлөр үчүн кыргыз өндүрүүчүлөрү менен түз байланыш түзүү үчүн аянтча болуп кызмат кылат, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы электрондук сооданын өнүгүшүнө түрткү болот.
Өз кезегинде Сиань шаарынын Цин Нианлу кварталынын жетекчилиги бул квартал Сиань шаарынын так ортосунда жайгашканын жана Кытайдын накта борбору экенин белгиледи. Ал ошондой эле акыркы 3 айдын ичинде Сианга 400 миллиондон ашык ички турист келгенин маалымдады.
Соода аянты 200 чарчы метр келет. Сиань шаарындагы Кыргызстандын Соода үйү жакын арада ачылар турганы кабарланды.

Сүрөттөр: Экономика жана коммерция министрлиги.