Кытайдын мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Лю Гочжун Кыргызстанга келди  

  • 2 месяца мурун

“Манас” эл аралык аэропортунан 17-майда вице-премьер Лю Гочжунду Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.  

Сапардын алкагында эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлүп анда көзөмөл-өткөрүү жайлары, соода жүгүртүү, транспорт, курулуш, тоо-кен, билим берүү тармактарындагы маселелер боюнча кеңири сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт, ошону менен бирге маданий программалар уюштурулат.

Бул тууралу МинКаб басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: МинКаб басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты