Кытайдан катаракта дартын дарылоочу адиcтер келет

  • 2 года мурун

Кытай тарап “Ден соолук экспресс” долбоорунун алкагында жакынкы арада катаракта дартынан жабыркаган кыргызстандыктарды дарылоого жардам бере турган медициналык адистердин тобун жөнөтөт.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен  Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэндин 27-августтагы жолугушуусунда сөз болду.

Анда түрдүү тармактарда, атап айтканда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу жаатындагы эки тараптуу мамилелердин кеңири чөйрөсү талкууланды.

Жолугушууда кытай тарап “Ден соолук экспресс” долбоорунун алкагында жакынкы арада катаракта дартынан жабыркаган кыргызстандыктарды дарылоого жардам бере турган медициналык адистердин тобун жөнөтөрү талкууланды. Ошондой эле, кытай тарап Кыргызстандан студенттерди кабыл алууну жандандырууда – 2022-жылдын 25-августунан 30-сентябрына чейин элчилик КЭРде билим алып жаткан студенттер үчүн виза алуу үчүн «жашыл коридор» ачат. Акыркы жылдары студенттер карантиндик чектөөлөрдөн улам Кытайга кирүүдө белгилүү кыйынчылыктарга туш болууда.

Ошондой эле Кытай коронавирустук инфекцияга каршы 500 миң вакцина жөнөтүүгө даярданып жатканы, мындан тышкары өлкөлөр ортосундагы аба каттамдарынын интенсивдүүлүгүн жогорулатуу маселеси иштелип жатканы белгилүү болду.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты