Кытайдагы жер титирөө Кыргызстанда да сезилди
- 1 месяц мурун
Кыргызстандын Илимдер академиясынын Сейсмология институтунун болжолдуу билдирүүсү боюнча, бүгүн, 4-декабрда, саат 13:44тө жер титиреди. Жер титирөөнүн очогу Кытайда, 6,5 баллга чейин жеткен. Жердин силкиниши Кыргызстанда, Ысык-Көл облусунун Бедел айылынын түштүк-чыгышынан 40 чакырым, Кумтөр кенинин түштүк-чыгышынан 85 чакырым, Каракол шаарынын түштүгүнөн 145 чакырым алыста сезилген.
Жер титирөөнүн күчү Бедел айылында 4,5 балл, Кумтөр кенинде 4 баллга жакын, Бишкек шаарында 3 баллга жакын сезилген.
Иллстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




