Кытайда тайфун жүрүп, дээрлик 2 млн киши эвакуацияланды

Кытайдын чыгышындагы Тайчжоу шаарында 11-июлда бави тайфуну жүрөр алдында, дээрлик 2 млн киши эвакуцияланды. Эвакуациялангандардын көбү Чжэцзян провинциясында болду.

Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

Буга чейин тайфун Япониянын Сакисима архипелагында жүрүп, Тайвандын түндүк жагын кыйгап өткөн. Тайфун Тайванга да жетип, 134 киши жабыркаганы айтылууда.

Чжэцзян провинциясында поезддер токтогон. Мамлекеттик CCTVканалынын билдирүүсү боюнча Юэцин провинциясында 1300 бак кулаган, анын 700ү тамыры менен жулунган. Суунун дэңгээли да бир топ көтөрүлгөн.

Тайфундун күчү басаңдап калган менен түндүк-батыш жакта дагы эле коркунуч жаратууда.  

Бави тайфуну адатта нөшөр жана секундуна 20-50 чарчы метрге чейин жеткен шамал менен коштолот.    

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты