Кытайда «Бир алкак, бир жол» демилгесинин алкагында эл аралык форум өтөт

  • 7 месяцев мурун

17-18-октябрда Бээжин шаарында Кытайдын «Бир алкак, бир жол» деп аталган масштабдуу инфраструктуралык долбооруна арналган үчүнчү эл аралык форум өтөт.

Бул эки күндүк жолугушууга катышуу үчүн Кытайдын баш калаасына дүйнөнүн 140тан ашык мамлекетинин, анын ичинде Жакынкы Чыгыш жана Глобалдык Чыгыш өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышары кабарланды.

Кытай коронавирус пандемиясына байланыштуу дээрлик үч жылдык изоляциядан кийин алгачкы жолу мындай деңгээлдеги эл аралык иш-чара өткөрүүдө. ТАСС агенттигинин маалыматына караганда, Орусиянын президенти Владимир Путин бул форумга 17-октябрда катышат.

Иш-чаранын күн тартибине соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, транспорттук-коммуникациялык байланыштарды бекемдөө, «жашыл» өнүгүү программасын жана санариптештирүүнү илгерилетүү маселелери кирген. Мындан тышкары форумдун жүрүшүндө акыркы 10 жыл аралыгындагы көп тараптуу өнөктөштүктүн негизги жыйынтыктары чыгарылып, алдыдагы өз ара кызматташтыктын жаңы багыттары аныкталат.

Форум өтө турган 17-18-октябрь күндөрү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев расмий сапары менен Кытайга барат. Акордонун маалыматына караганда, Токаев Бээжинде Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, Мамлекеттик кеңештин премьери Ли Цянь жана парламенттин спикери Чжао Лэцзи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Мындан тышкары «Бир алкак, бир жол» форумуна катышып, «ири кытайлык компаниялардын» жетекчилери менен жолугат.

17-18-октябрь күндөрү Бээжинге Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев да иш сапары менен барып, жогорудагы эл аралык форумга катышат. Бул тууралуу өзбек мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, сапардын алкагында Мирзиёев форумдун пленардык сессиясында сүйлөп, «Бир алкак, бир жол» демилгесинин алкагында эл аралык кызматташтыктын актуалдуу маселелерине токтолот. Мындан тышкары Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана Элдик саясий консультативдик кеңешинин башчысы Ван Хунин менен жолугат.

Сүрөт: Reuters.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты